23-cентябрь Мамлекеттик тил күнү
22.09.2017 г.

          Урматтуу мекендештер, кесиптештер сиздерди 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүңүздөр менен куттуктайбыз.

         Дал ушул күн - кыргыз тилинин урматына, кыргыз элинин руханий дөөлөттөрүн жана маданий-тарыхый мурастарын кеңири жайылтуу максатында мамлекеттик тил күнү болуп жарыяланып, жыл сайын салтанаттуу майрамдалып келет.

Эне тилин билүү ар бир инсандын өз маданиятына болгон сый-урматы, демек, көөнөрбөс дөөлөттөй жаралган кыргыз тили бүгүнкү жана келечек муундун дилинде улуу мурас катары аздектелип, аяр сакталышы керек. Мезгил далилдегендей  бир кезде маданияты, мамлекетти бар элдер, тарыхый кезеңдерде  улуттук рухун, б.а. эне тилин унутуу менен, тарых барактарынан өздөрүн улут катары биротоло жоготушту.

Кыргыз тили маданиятыбыздын бүтүндүгүнө, мамлекетибиздин чайпалбас туруктуулугуна жана биримдигине, улуттар аралык ынтымактын чыңдалышына данакер тил болсун.

Тарыхый эс-тутумубуз, улутту улут кылган нарк-насилдерибиз, санжыргалуу санаттарыбыз башат алган тил майрамыңыздар менен дагы бир жолу чын дилден куттуктайбыз.

 

Яндекс.Метрика