Мамлекеттик миграция кызматы мигранттарга маалымдама иштеп чыкты
22.11.2017 г.

      2017 жылдын 22-июнунда КР Президенти А.Ш.Атамбаевдин Москва шаарында болгон жолугушуусунун жыйынтыгында  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кзыматы мигранттарга маалымдама иштеп чыкты.

Маалымдама эмгек миграциясынын актуалдуу маселелерин камтыйт алар; ЕАЭБ алкагында мигранттарга берилген жеңилдиктер, каттоого туруу, жумушка орношуу, Жүк-200 жана Россия Федерациясында берилчү социалдык жеңилдиктер  тууралуу жазылган.

     Аталган маалымдаманы КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы КР Чек ара кызматы менен биргеликте таркатат. Өткөрүү пунктары Ак-Жол, Ак-Тилек, “Манас” эл аралык аэропортунда, маалыматтык –консультативдик борбор, Миграция кызматынын коомдук кабылдамасы жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары аркылуу таркатылат. 

Яндекс.Метрика