Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго кырк-кадам"

Мазмуну

КИРИШ СӨЗ. 6

ӨЛКӨНҮ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН АЗЫРКЫ ЭТАБЫНЫН КЫСКАЧА ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ (2010-2016-жылдар) 8

Азыркы этапта өлкө туш болгон чакырыктар. 9

Гүлдөп өнүгүүгө 40 кадам. 10

Реформанын улуттук программалары.. 11

I.      Реформанын программасы “ТАЗА КООМ”. 11

1-КАДАМ. Санариптик трансформациялоонун программасы.. 11

II.     Реформанын программасы “ЭЛИМЕ КЫЗМАТ”. 12

2-КАДАМ. Мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо. 12

III.    Реформанын программасы “ТАЗА ШАЙЛОО – ТУРУКТУУ МАМЛЕКЕТ. 13

3-КАДАМ. Шайлоо процессин реформалоо. 13

IV.    Реформанын программасы “КҮЧТҮҮ ЖАРАНДЫК КООМ”. 14

4-КАДАМ. Жарандык коомдун институттарын өнүктүрүү. 14

V.     Реформанын программасы “БЕЛ БОЛЧУ БИЛИМ. ИЗ КАЛТЫРУУЧУ ИЛИМ”  14

5-КАДАМ. Мыкты мектеп. 14

6-КАДАМ. Бел болчу билим.. 15

7-КАДАМ. Из калтыруучу илим.. 15

VI.    Реформанын программасы “БИЗНЕС МЕНЕН БИРГЕ”. 15

8-КАДАМ. Чакан жана орто ишкердикти колдоо. 15

9-КАДАМ. Кыргызстанга инвестиция сал! 16

10-КАДАМ. Жеткиликтүү кредит. 16

11-КАДАМ. Экспортту колдоо. 17

VII.   Реформанын программасы “САПАТТУУ ИНФРАСТРУКТУРА”. 17

12-КАДАМ. Кыргыз Республикасындагы энергетика. 17

13-КАДАМ. Шаардык инфраструктура. 18

14-КАДАМ. Транспорттук-жол инфраструктурасы.. 18

15-КАДАМ. Таяныч шаарлардын базасында региондорду өнүктүрүү. 19

16-КАДАМ. Таза суу. 20

VIII.  Реформанын программасы “ТЫШКЫ САЯСАТ”. 20

17-КАДАМ. Коопсуздукту жана экономикалык ишти камсыз кылуу – тышкы саясаттын негизги милдети. 20

18-КАДАМ. «Мекен-карт» улуттук демилгеси. 21

IX.    Реформанын программасы «МЫЙЗАМДЫН ҮСТӨМДҮГҮ ЖАНА УКУКТАРТИБИ СИСТЕМАСЫНА ИШЕНИМ». 21

19-КАДАМ. Укук коргоо системасын трансформациялоо. 21

20-КАДАМ. Комплекстүү күрөшүү жана коррупцияны алдын-алуу. 22

ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫ.. 22

А. ЭЛДИН ЭКОНОМИКАЛЫК БАКУБАТТЫГЫ ҮЧҮН ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫ   23

1-Өнүктүрүү программасы «АГРОӨНӨР ЖАЙ КОМПЛЕКСИН ЖАНА КООПЕРАЦИЯНЫ ӨНҮКТҮРҮҮ». 23

21-КАДАМ. Региондук кооперативдик агроөнөр жай комплекстерин түзүү. 23

22-КАДАМ. Ирригацияны өнүктүрүү. 24

2-Өнүктүрүү программасы “ТУРУКТУУ ТУРИЗМ”. 24

23-КАДАМ. Туруктуу туризм.. 24

3-Өнүктүрүү программасы. “ӨЛКӨНҮН ӨНӨР ЖАЙ ПОТЕНЦИАЛЫН ӨНҮКТҮРҮҮ”  25

24-КАДАМ. Өнөр жай өндүрүшүн кайра жандандыруу. 25

25-КАДАМ. Кластерлерди жана жеңил өнөр жай долбоорлорун өнүктүрүү. 26

Б. СОЦИАЛДЫК ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ.. 26

4-Өнүктүрүү программасы. “САК-САЛАМАТ КАЛК”. 27

26-КАДАМ. Саламаттыкка  инвестициялар. Сергек жашоо образы.. 27

27-КАДАМ. Саламаттык сактоонун инфраструктурасын модернизациялоо. 27

5-Өнүктүрүү программасы. “БЕКЕМ ҮЙ-БҮЛӨ ЖАНА СОЦИАЛДЫК ТЕҢДИК”. 28

28-КАДАМ. Тең мүмкүнчүлүктөр – коомду өнүктүрүүнүн негизи. 28

29-КАДАМ. Татыктуу эмгек жана карылык. 28

6-Өнүктүрүү программасы. “МАДАНИЯТТУУ ЖАНА БИЛИМДҮҮ КЫРГЫЗСТАН”. 29

30-КАДАМ. Маданият аймагы.. 29

31-КАДАМ. Алтай цивилизациясынын мурасы.. 30

С. КООПСУЗДУКТУ ЖАНА ЖАГЫМДУУ ЖАШОО ЧӨЙРӨСҮН КАМСЫЗДОО БОЮНЧА ПРОГРАММАЛАР. 30

7-Өнүктүрүү программасы. «КООПСУЗДУК ЖАНА ЖАГЫМДУУ ЧӨЙРӨ». 31

32-КАДАМ. Чек ара коопсуздугу. 31

33-КАДАМ. Терроризмге жана экстремизмгекаршыкүрөшүү. 31

34-КАДАМ. Киберкоопсуздук. 32

35-КАДАМ. Аскердик коопсуздук. 32

8-Өнүктүрүү программасы. «АТТУЛДУК». 33

36-КАДАМ. Мамлекеттик тил саясаты.. 33

37-КАДАМ. «Кыргыз жараны». 33

9-Өнүктүрүү программасы. «ЭКОЛОГИЯЛЫК КООПСУЗДУК». 34

38-КАДАМ. Экологиялык коопсуздук жана климатты адаптациялоо. 34

39-КАДАМ. Экологиялык туруктуулук. 35

40-КАДАМ. Тоо-Токой. 35

КОРУТУНДУ. 36

 


 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

“Жаңы доорго – кырк кадам”

программасы

 

КИРИШ СӨЗ

 

Абдан тез өзгөрүп жаткан тышкы шарттар өлкөбүз үчүн динамикалуу талаптарды коюуда. Өлкөбүз башкаруунун монополиялуу формаларынан баш тартып, мамлекеттин ишине коомчулукту кеңири тартуу менен өнүгүүнүн жаңы  жолуна түштү. 2012-жылдан бери республиканын дээрлик бардык чөйрөсүндө олуттуу өзгөрүүлөр болду, алардын көпчүлүгү кыйынчылык менен коштолсо да, жарандардын бакубаттуулугун арттыруу үчүн аларды милдеттүү түрдө ишке ашыруу керек эле.

Ошол эле учурда, эң негизгиси жарандардын мамлекетке ишеним артпаганын жана пессимисттик маанайын жоюу,туруктуу өнүгүп жаткан Кыргызстанда жаңы муундардын келечеги ийгиликтүү болоруна жана өзүнө болгон ишенимди күчөтүү керек болчу. Бул 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу аркылуу жетишилди.

Эгемендик жылдары Кыргыз Республикасы көптөгөн стратегиялык документтерди иштеп чыккан, аларда кырдаал терең талдоого алынып, өлкөнү экономикалык өнүктүрүү боюнча көптөгөн сунуштар камтылган. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү иштелип жаткан 2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаев негиздеген өлкө боюнча стратегиялык көз карашты, ошондой эле өлкөнү өнүктүрүүнүн тандап алынган багытынын уланмалуулугун сактоосу зарыл жана ушул сунуштарды ишке ашыруунун этабына түздөн-түз киришүүгө тийиш, мунун өзү мамлекеттик органдардын ишинин өзгөрүүсүн билдирет.

“Жаңы доорго – кырк кадам” Өкмөттүн программасы 2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн стратегиясын ишке ашыруунун биринчи жана абдан маанилүү этабы болуп эсептелет. Программа өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарын имплементациялоо процессин программалык-максаттуу ыкмада жасоонун негизинде түзүлгөн.

Ар бир кадам Кыргыз Республикасынын экономикасындагы жана коомундагы бар болгон проблемаларды конкреттүү түрдө чечүүнү камсыз кылат. Өнүгүүнүн проблемаларынын чечилбегендиги Өкмөттүн ишинин натыйжалуулугун чектеген бир катар факторлордун бар экендигин көрсөтүп турат. Финансылык ресурстардын жетишпегендигинен тышкары (бул өнүгүүнүн проблемаларынын себеби эмес, анын кесепети болуп эсептелет) проблемалар мамлекеттик башкаруу системасынын бардык деңгээлиндеги башкаруунун жана иштин методдорунун натыйжасыздыгынын айынан чечилбей келүүдө. Ресурстар жана күч-кубат проблеманы чечпеген чечимдерди аткарууга жумшалган учурлар бар.

“Жаңы доорго – кырк кадам” Өкмөттүн программасы 5 жылдын ичинде 40 баштапкы кадамдарды бир мезгилде жасоого эсептелген. Алар өлкөдөгү элдин жашоосун жакшыртууга багытталган. Программанын негизги мааниси болуп жаран/адам жана анын муктаждыктарын, укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, ошондой эле адамдын муктаждыктарына таянып башкаруунун жаңы түзүмүн калыптандыруу эсептелет. Пайда болуп жаткан чакырыктарга жана коркунучтарга карабастан башкаруунун натыйжалуу системасы иштиктүү түзүлөт жана Программаны ийгиликтүү ишке ашыруунун кепилдиги болот. Ушуну менен бирге эле Программада орто мөөнөттүү келечекте өлкөнү өнүктүрүүгө таасирин тийгизүүчү тышкы, ички жана региондук чакырыктарга чара көрүү камтылган.

Саясий түзүлүштүн демократиялык негиздерин сактоо жана чыңдоо, социалдык-экономикалык системаны өнүктүрүү, санариптик трансформациялоо, региондук өнүктүрүү, курчап турган чөйрөнү коргоо маселелери; тышкы саясатта – эгемендикти сактоо, улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүү, тышкы ынак достуктун мамилелерин камсыз кылуу жана региондук, глобалдык коопсуздукту бекемдөө маселелери зор мааниге ээ.

“Жаңы доорго – кырк кадам” Өкмөттүн программасы этап-этабы менен ишке ашырылат. 2017-жылдан тартып элди түйшөлткөн биринчи кезектеги маселелер чечилет:

● жумушсуздукту кыскартуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү;

● экономикалык бакубаттуулукту жана бизнестин кыйла өз алдынчалыгын камсыз кылуу;

● жарандардын, бизнестин жана мамлекеттин ортосундагы кандай гана болбосун түздөн-түз байланышты максималдуу түрдө жоюу.

● заманбап жана жеткиликтүү инфраструктураны, анын ичинде транспорттук, социалдык, ирригациялык жана санариптик инфраструктураны куруу;

● региондорду өнүктүрүү жана жер-жерлерде социалдык-экономикалык проблемаларды чечүү;

● шаарларда жана калктуу конуштарда коопсуздукту жана ыңгайлуулукту камсыз кылуу;

● коррупцияны жоюу жана заманбап санариптик технологияларды киргизүү;

● социалдык коргоону жана татыктуу жашоону камсыз кылуу.

Программада өнүктүрүүнүн комплексин түзүү каралган, алар экономиканы модернизациялоо үчүн аны зарыл сандагы ресурстар менен камсыз кылат. Ошол эле учурда өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн жардамы Программанын үч маанилүү компоненттерин ишке ашыруу үчүн топтолот: “Таза Коом” санариптик трансформациялоонун программасы, “Таза суу” – таза суу берүү, “ирригацияны өнүктүрүү” – жаңы сугат жерлерин пайдаланууга берүү.

Бүгүнкү күндө бардык эл аралык сурамжылоолор көрсөткөндөй, элдин мамлекеттик институттарга болгон ишеничи өзгөрдү. Калкты түйшөлткөн коркунучтар, проблемалар жагында олуттуу өзгөрүүлөр болду. 2013-жылы жарандык согуштун чыгуусу (39%), туруксуздук (32%), демонстрациялар, көңтөрүштөр же революциялар (25%), ошондой эле өлкөнүн келечеги үчүн коркунуч (23%) өзгөчө кооптонууну жараткан.

2017-жылга алынган маалыматтарда алгачкы позицияларды экономикалык көрсөткүчтөр ээледи: жумушсуздук (52%), коррупция (40%), өлкөнү экономикалык өнүктүрүү (13%). Согуштан жана көңтөрүштөрдөн коркуу сыяктуу категориялар негизги кооптонууларга кирбей калды, себеби ушул позицияларды атагандардын саны жалпы маалыматтардын базасында сатистикалык жактан маанилүү көрсөткүч берген жок. Туруксуздуктан корккондордун саны сурамжылоого катышкандардын болгону 2%ын түздү.

Мындан тышкары, жарандардын жашаган жеринде ыңгайлуулукту жана жашоонун сапатын жакшыртуу боюнча талаптары күчөй баштады. Бүгүнкү күндө элди түйшөлткөн негизги маселелер болуп жолдордун начардыгы, таза суунун жетишсиздиги, жумуш орундарынын жоктугу, бала бакчалардын жетишсиздиги, таштандыларды ташуу жана жарыктандыруу проблемалары эсептелет.

Ушуга байланыштуу Өкмөттүн Программасы жакынкы беш жылдыкта элдин бакубаттуулугун көтөрүү боюнча негизги маселелерди чечүүгө толугу менен арналат.

 

ӨЛКӨНҮ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН АЗЫРКЫ ЭТАБЫНЫН КЫСКАЧА ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ (2010-2016-жылдар)

 

Өткөн 6 жылда коомдо, өлкөнүн саясий жана экономикалык турмушунда маанилүү өзгөрүүлөр болду, алар келечекте ийгиликтүү өнүгүүнүн негизи болуп берет.

Кыргызстандын ИДПсы 2010-жылдан бери 2,1 эсеге өстү (220дан 458 млрд сомго чейин).

Республикалык бюджеттин өсүшү күчөгөн темпте болуп, 2010-жылдагы 50,3 млрд сомдон 2016-жылы 115,8 млрд сомго жетти же 2,3 эсе көбөйдү.

Бюджеттин чыгашасы 2016-жылы 136,7 млрд сомго көбөйдү же 2010-жылга (61,0 млрд сом) салыштырганда 2,2 эсе өстү.

Кыргызстан элдин жан башына ИДПнын өлчөмү боюнча 2015-жылдагы өлкөлөрдүн дүйнөлүк рейтингинде 143-орунду, 2015-2016-жылдары атаандаштыкка жөндөмдүүлүк деңгээли боюнча 102-орунду ээледи.

2010-2015-жылдары жумуш менен камсыз болгон элдин саны 108,4 миң адамга көбөйдү, ал эми жумушсуздук 1,0% азайды жана 7,6% болду.

Орто жана жогорку мектептердин мугалимдеринин орточо эмгек акысы 13613 сомго чейин өстү, бул 2010-жылга салыштырганда 3,6 эсеге көп, ал эми башталгыч класстардын жана МЧБУлардын мугалимдеринин орточо эмгек акысы 13824 сомго чейин өстү, бул 2010-жылга салыштырганда 4,3 эсе көп.

Баштапкы медициналык-санитардык жардам берген врачтардын эмгек акысы 2010-жылга салыштырганда 3 эсе өстү же 12184 сомго чейин жетти, ал эми стационарлардын персоналы үчүн 3,4 эсеге өсүп, 13827 сом болду.

Белгилей кетүүчү нерсе, бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин кирешелери реалдуу өстү. Себеби 2011-2016-жылдары инфляциянын орточо жылдык деңгээли 5,1% түздү.

Мамлекет социалдык багыттагы бойдон калууда. 2010-жылдан бери билим берүүгө эле чыгымдар 21,9 млрд сомго көбөйүп, 31.9 млрд сомду түздү. Биз билим берүүнү каржылоонун көлөмү боюнча дүйнөнүн өлкөлөрүнүн биринчи он өлкөсүнүн катарына кирдик. Социалдык секторго чыгымдардын үлүшү өзгөргөн жок жана мамлекеттик бюджеттин бардык чыгымдарынын 50%ынан ашык болду.

2015-жылдан баштап ЕАЭСтин алкагында өлкөлөрдүн толук форматтагы жана натыйжалуу өз ара иштөөсү камсыз кылынды. Кыргыз Республикасы Европа Союзунан “ЖСП+” статусун алган дүйөнүн 10 өлкөсүнүн бири болду.

2500 км ашык жол курулду жана реконструкцияланды.

Энергетикалык көз карандысыздык 500 киловольт “Датка” подстанциясын жана “Датка-Кемин” электр берүү линиясын пайдаланууга киргизүүнүн эсебинен камсыз кылынды, Бишкек шаарынын ЖЭБин ишке киргизүү стадиясында турат. Токтогул ГЭСинин жабдууларын алмаштыруу боюнча иштер башталды.

Соттук реформанын биринчи этабы аяктады. Соттук системанын бюджети акыркы жылдары эки жарым эсе өстү, анын ичинде судьялардын жана соттордун аппараттарынын кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлдү.

Ички экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу маанилүү багыт болуп эсептелет. 2016-жылдагы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү укук коргоо органдарынын ишкердикке мыйзамсыз кийлигишүүсүн болтурбоого, ошондой эле бизнести текшерүүлөрдү Мамлекеттик салык инспекциясына өткөрүп берүүгө мүмкүндүк берди.

 

Азыркы этапта өлкө туш болгон чакырыктар

 

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда туруктуу өнүгүүнүн жолуна чыгуу үчүн негиздерди калыптардырууга жетиштик. Бул саясий туруктуулукка гана тиешелүү болбостон, кубаттуу экономикалык потенциал, эгемендүү жана жооптуу мамлекет түзүлдү дегенди билдирет.

Ошол эле мезгилде өлкөнүн потенциалынын көпчүлүк бөлүгү ишке ашырылбай калууда. Элдин жан башына ИДПнын деңгээли боюнча Кыргызстан Борбордук Азия регионундагы өлкөлөрдүн арасында акыркы орундардын бирин ээлейт. Региондук макроэкономикалык кырдаалга көп жагынан көз каранды болгон экономиканын сервистик модели биздин аттандаштыкка жөндөмдүүлүктү олуттуу чектейт. Түзүмдүк дисбаланс жана институттук жактын начардыгы чарбанын мүнөзүн өзгөртүүгө мүмкүндүк бербей, эмгектин төмөн өндүрүмдүүлүгүн шарттап жатат. Инфраструктуралык жактан камсыз кылынбагандык менен байланышкан объективдүү кыйынчылыктар экономикалык натыйжалуулукту азайтып, масштабдуу өндүрүштү күчөтүүгө мүмкүндүк бербей келүүдө.

Азыркы мезгилде өлкө туш болгон чакырыктарды 4кө бөлсө болот:

Санариптик жактан артта калгандык. Санариптик технологияларды киргизүү төмөн деңгээлде. Айрым мамлекеттик органдар гана өз ишине, анын ичинде эл менен өз ара иштөөдө МКТ элементтерин киргизди. Мамлекеттик органдардын ведомстволук өз ара аракеттенүүлөрүнүн бирдиктүү системасы, регламенттерди формалдаштыруу сяктуу базалык элементтердин жоктугу, коррупциялык чакырыктар МКТны системалуу түрдө киргизүүгө бөгөт болууда.

Экономикалык коопсуздук. Коомдогу экономикалык активдүүлүк мамлекеттин өнүгүүсүн жана бакубаттулугун камсыз кылат. Өлкөдө ишкердик потенциалды ачуу жана жарандардын экономикалык активдүүлүгүн көтөрүү үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча жигердүү иштер жүрүп жатат. Буга карабай, жарандарыбыз жана ишкерлерибиз толугу менен легалдуу ишке өтүүдөн тартынчыктоодо, ал эми инвесторлор дагы эле кыргыз рыногуна кирүүгө аяр мамиле кылышат. Бул экономикалык чөйрөдө сакталган төмөнкү коркунучтар менен шартталган:

■ ишкерлер менен өз ара иштеген мамлекеттик органдарга ишенимдин жетишсиздиги;

■ уруксат берүүчү документтерди алуунун процессинин ашыкча бюрократташуусу;

■ бизнеске жана бюджетке социалдык жүктөмдүн чоң болушу;

■ толук көлөмдөгү экономикалык жана инженердик инфраструктура менен камсыз кылынбагандык;

■ айыл чарба өндүрүшүнүн чекене товардуулугу жана азык-түлүк коопсуздугунун тобокелдиги;

■ курулуштагы жана өндүрүштөгү стандарттардын жана техникалык талаптардын эскирүүсү;

■ арзан жана узак мөөнөттүү ресурстарды алуунун чектелгендиги;

■ мамлекет тарабынан инвестициялык долбоорлорду колдоо үчүн мүмкүндүктүн минималдуу болушу.

Социалдык коопсуздук. Кыргызстан социалдык багыттагы мамлекет бойдон калууда. Жыл сайын бюджеттен олуттуу каражаттар социалдык чөйрөнү күтүүгө жумшалат. Акыркы жылдары кырдаалды жакшыртуу боюнча биринчи кезектеги бир катар чаралар кабыл алынды. Бирок кескин өзгөрүүлөр боло элек. Социалдык чөйрөдөгү коопсуздуктун негизги коркунучтары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

■ жакырчылыктын деңгээлинин сакталышы;

■ эмгек акынын өсүш темпинин төмөндүгү;

■ элдин социалдык инфраструктура менен жетишсиз камсыз кылынышы;

■ мамлекеттин туруктуулугунун негизи катары орто класстын калыптануу процессинин басаңдоосу;

■ эмгекке жөндөмдүү калктын контролго алынбаган ички жана тышкы миграциясы, жумушчу күчтүн кесиптешүүсүнүн төмөндүгү;

■ коркунучтуу ооруулардын жайылышы;

■ билим берүү секторунда сакталып жаткан гуманитардык жана экономикалык кесиптерге даярдоого багыт алуу.

Улуттук коопсуздук. Кыргызстан өзүнүн тарыхый өнүгүүсүнүн ар бир этабында коркунучтар алардын реалдуулугуна жана кесепеттерине жараша аныкталып келген. Азыркы мезгилде мамлекеттин жана коомдун адекваттуу чара көрүүсүн талап кылган кыйла реалдуу коркунучтар болуп төмөнкүлөр эсептелет:

■ мамлекеттик башкаруунун сакталып жаткан ишке жөндөмсүз системасы;

■ кылмыштуулуктун, баңгичиликтин жана терроризмдин алдын алуунун жана аларга каршы күрөшүүнүн азыркы шарттарга туура келбеген механизмдери;

■ МКТнын өнүгүүсүнүн жетишсиздиги жана өлкөнүн маалыматтык мейкиндигинин начар корголгондугу;

■ экосистеманын деградациясы, жаратылыш ресурстарын сарамжалсыз пайдалануу;

■ азыркы учурдагы жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жана аларды алдын алуу системасынын жетишсиз натыйжа берүүсү;

■ коррупциялык тобокелдиктер.

 

Гүлдөп өнүгүүгө 40 кадам

 

Бүгүнкү күндөгү чакырыктарды эске алып, Программада өлкөнү узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн төмөнкү максаттары аныкталган.

1. Элдин экономикалык бакубаттуулугу:

● туруктуу жумуш орундарын түзүү, татыктуу эмгек жана туруктуу кирешелер;

● экономиканын эмгек сыйымдуу секторлорунун экспорттук потенциалын көбөйтүү;

● өлкөнүн региондорун өнүктүрүү.

2. Социалдык бакубаттуулук:

● элдин саламаттыгы жана билими;

● социалдык теңдик жана бекем үй-бүлө;

● маданий кайра жаралуу.

3. Жарандардын жашоосу үчүн коопсуз жана жагымдуу чөйрө:

● коомдук тартип;

● атуулдук (патриотизм);

● экологиялык коопсуздук.

Бул максаттар өлкөнү орто мөөнөттү жана узак мөөнөттүү келечекте өнүктүрүүнүн максаттуу индикаторлоруна жетишүүнүн процессин ачык-айкын түшүнүүнү жана аларга жетишүүнүн ыкмаларын камтыйт. “Жаңы доорго – кырк кадам” программасы 2040-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн келечектеги стратегиясын ишке ашыруунун биринчи беш жылдык мезгили болуп эсептелет. Программада берилген бардык кадамдар реалдуулуктун, өлчөөнүн жана конкреттүүлүктүн принциптеринин негизинде иштелип чыккан.

Ар бир “Кадам” иштин так чектелген жана белгилүү участогун камтыйт, бул ишке ашыруунун түшүнүктүү жана ачык-айкын процессин жеңилдетүүгө тийиш. Так максаттары жок эле милдеттердин тизмесин аткаруунун ордуна Өкмөт беш жыл өткөндөн кийин Программанын ар бир бөлүмүндө келтирилген конкреттүү натыйжаларды бериши керек.

Белгилей кетүүчү нерсе, “40” деген сан кыргыз эли үчүн терең мааниге ээ. Тарыхый жактан алганда 40 деген сан кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануусунда жана өнүгүүсүндө дайыма болуп келген.

 

Реформанын улуттук программалары

 

Өкмөттүн Программасы 9 стратегиялык программалык реформага негизделет, алар өз ара байланышкан. Алар жалпысынан өнүктүрүүнүн улуттук 9 программасынан турат жана 40 конкреттүү кадамды камтыйт. Алар 5 жылдын ичинде жарандардын жашоосун жакшыртууга өбөлгө болот.

Реформанын программалары өнүгүүнүн бардык үч максатына таасирин тийгизүүчү жааттардагы иштин абалын өзгөртүү боюнча иштөө дегенди билдирет. Алсак, реформанын улуттук 9 программасы болуп төмөнкүлөр эсептелет:

 

                     I.        Реформанын программасы “ТАЗА КООМ”

 

1-КАДАМ. Санариптик трансформациялоонун программасы

 

Акыркы жыйырма жылда техникалык инновациялар коомдогу жана мамлекеттик башкаруудагы өз ара иштөөнүн принциптерин кескин өзгөрттү, экономикалык багыттарды алмаштырды, курчап турган чөйрөдө иштөөнүн жана аны коргоонун жаңы ыкмаларын калыптандырды, жаңы чакырыктарды пайда кылды жана келечекти ачты. 2011-жылы башталган төртүнчү индустриялык революция өлкөлөрдүн аттандашуудагы деңизге чыгуунун географиялык артыкчылыгын, өндүрүштүн масштабынын жана арзан жумушчу эмгегинин артыкчылыктарын адам капиталынын чыгармачыл потенциалына жана массалык жекелештирүүгө, жеткирүүнүн ылдамдыгына алмаштырды. Бул өзгөрүү ири жана чакан мамлекеттер үчүн экономикалык өсүүдөгү тең мүмкүнчүлүктү пайда кылды.

“Таза Коом” – өлкөнү санариптик трансформациялоонун жалпы улуттук программасы, ал өлкөдөгү турмуштун бардык чөйрөлөрүн камтыйт, ушул Программаны ишке ашыруунун башкы инструменти жана негизи болуп эсептелет. “Таза Коом” административдик процесстерди жана жол-жоболорду автоматташтыруу, ошондой эле санарип мамлекеттик кызмат көрсөтүү аркылуу адам факторунун таасирин азайтуу жолу менен мамлекеттик сектордогу коррупцияны жоюунун натыйжалуу инструменти болуп калат. “Таза Коом” төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

мамлекетке коррупцияны түп тамырынан бери жоюуга, процесстерди автоматташтыруунун натыйжасында бийликтин ар кандай бутактарынын ортосундагы өз ара иштөөнү жөнөкөйлөтүүгө, түйшүктүү ишти максималдуу автоматташтырууга жана чыгармачыл милдеттерге басым жасоого;

бизнеске жагымдуу чөйрө жана жаңы экономикалык шарттарга ылайыкташуу үчүн стимул алууга, ишкананы атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн жаңы баскычына чыгарууга, ошондой эле билим экономикасында новатордук чечимдерди түзүү жана колдонуу үчүн мейкиндикке ээ болууга;

коомго алынган билимдерди өз алдынча ишке ашыра аларына, маянасы көп жумушта иштерине, жогорку сапаттагы медицинага жана адилет пенсиялык кирешеге ээ болооруна ишеним артууга;

улутка өзүнүн улуттук наркын, маданий көп түрдүүлүгүн, республикада жашаган этностордун тилдерин сактоого, ошондой эле санарип дүйнөдө мындан ары өнүгүү үчүн мейкиндик алууга.

 

                    II.        Реформанын программасы “ЭЛИМЕ КЫЗМАТ”

 

Өткөрүлгөн Конституциялык референдумдун натыйжасында өлкөдө мамлекеттик башкаруунун системасын реформалоонун маанилүү этабы аяктады, ага бийликтин бутактарынын ортосундагы функционалдык ыйгарым укуктары өзгөртүү, укук коргоо жана сот системасын реформалоо кирди.

 

2-КАДАМ. Мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо

 

Мамлекеттик башкаруунун системасына иштин принциптүү жаңы ыкмаларын киргизүү маанилүү, алар жаңы технологияларды пайдаланууга негизделип, мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкындыгын жана отчеттуулугун камсыз кылууга, кадрларды даярдоонун стандарттарын көтөрүүгө тийиш.

Жакынкы 5 жылдыкта Өкмөт мамлекеттик кызматты өнүктүрүү боюнча чараларды көрүүнү улантат, алар мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун көтөрүүгө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатууга, мамлекеттик кызматтын системасындагы коррупциялык укук бузууларды алдын алууга, мамлекеттик кызматтын кадыр-баркын жана беделин көтөрүүгө багытталат. Азыркы мезгилде мамлекеттик кызматтын системасы бир катар уюштуруучулук, материалдык, идеологиялык мүнөздөгү проблемаларга ээ.

Ошондуктан жакынкы мезгилде мамлекеттик кызматтын натыйжалуулугун көтөрүү, мамлекеттик кызматтын заманбап институтун калыптандыруу, өнүккөн мамлекеттик-кызматтык мыйзамдарды түзүү жана чечимдерди кабыл алуу процесстерин оптималдаштыруу боюнча бир катар кескин чараларды көрүү керек.

Өлкөнүн стратегиялык максаттарына мамлекеттик органдардын баш ийүүсүнүн түзүмү оптималдаштырылат, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн аппараттары, анын ичинде чарбалык функцияларды аткаргандары кыскартылат. Мамлекеттик базалык функцияларды кошпогондо, Өкмөттүн түзүмү өнүгүүнүн так аныкталган артыкчылыктарына жараша түзүлөт. Чечимдерди кабыл алуу жарандарга багытталат, кыйла сарамжалдуу жана натыйжалуу болуп калат.

Мамлекеттик ведомстволордун жарандар жана ишкерлер менен өз ара иштөөсү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун автоматташкан платформаларын киргизүү аркылуу кыйла ыңгайлуу болот. Бизнес менен өнөк болуп эл менен байланыштын каналы катары мобилдик тиркемелер түзүлөт.Этап-этабы менен мамлекет мамлекеттик башкаруунун ыйгарым укуктарын жана функцияларын аутсорсингге жеке секторго бере баштайт.

 

                   III.        Реформанын программасы “ТАЗА ШАЙЛОО – ТУРУКТУУ МАМЛЕКЕТ”

 

3-КАДАМ. Шайлоо процессин реформалоо

 

Демократиялык укуктук мамлекеттин башкы милдеттеринин бири болуп таза жана эркин шайлоону камсыз кылуу эсептелет. Кыргызстандын коому жана саясий уюмдары эркин жана таза шайлоо бийликкке келүүнүн демократиялык жолу экенин түшүнүүгө тийиш. Таза жана адилет шайлоо менен келген бийлик туруктуу жана күчтүү өлкөнү куруу, өлкөдө ачык жана адилеттүү саясий системаны түзүү үчүн бекем негиз болуп берет.

Жарандардын шайлоо укуктарын жана шайлоо органдарына элдин аялуу топторунун өкүлдөрүнүн, аялдардын, улуттук азчылыктардын өкүлдөрүнүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын реалдуу катышуусун камсыз кылуу үчүн мыйзамдардын ченемдерин өркүндөтүүнү улантуу зарыл. Өкмөт бардык аймактык шайлоо комиссияларын жогорку ылдамдыктагы байланыш каналдары, зарыл болгон заманбап жабдуулар жана добуш берүүнүн процессин байкоонун жаңы техникалык каражаттары менен камсыз кылат.

Шайлоо процесси жаатындагы реформаны мындан ары ийгиликтүү өткөрүү үчүн шайлоочуларды идентификциялоо боюнча жаңы форманы – шайлоочуларды биометрикалык технологиялар аркылуу идентификациялоону киргизүү сунушталган.

Мындан тышкары,келечекте “Таза Коом” улуттук программасынын алкагында мобилдүү жана электрондук платформалардын мүмкүндүктөрүн колдонуп, коомдун кыйла курч маселелери боюнча өз эркин түздүн-түз билдирүүнүн элементтерине өтүүнүн негиздери аныкталууда.

Шайлоочулардын добуштарын сатып алгандыгы үчүн жазаларды күчөтүү боюнча сунуштар киргизилет жана шайлоо иш-чараларына финансы каражаттарын чыгымдоого мониторинг жүргүзүүнүн реалдуу механизмдери сунушталат.

Элдик курултай институту иш жүзүнө ашырылат, ал мамлекеттик жана жалпы улуттук маанидеги маселелер боюнча сунуштарды иштеп чыгууга жарандардын катышуусунун кеңири форматын камсыз кылууга арналат жана демократиялык механизмдерди кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

 

 

                  IV.        Реформанын программасы “КҮЧТҮҮ ЖАРАНДЫК КООМ”

 

4-КАДАМ. Жарандык коомдун институттарын өнүктүрүү

 

Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасында 16 миңден ашык жарандык коомдун уюмдары иштейт. Алардын дээрлик 1/3 активдүү иш жүргүзөт. Өкмөттүк эмес сектор улуттук аң-сезимди жана элдин бекем жарандык позициясын чыңдоого кыйла олуттуу салым кошот.

Өкмөт жарандык коомдун заманбап моделин түзүү боюнча ишти жүргүзөт. Анда адамдын укуктарын, сөз эркиндигин, өзүн билдирүү жана өз алдынча иштөөнү коргоонун эл аралык системасынын бардык жетишкендиктери кыргыз элинин улуттук каада-салттары менен тыгыз байланышта камтылат.

Өкмөттүк эмес уюмдардын иши абдан ачык болот. Өкмөт социалдык жана гуманитардык багыттагы кыйла артыкчылыктуу программалар боюнча бюджеттик гранттарды берет. Өкмөт улуттук өкмөттүк эмес уюмдарды эл аралык каржылоонун ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылат. Жарандык институттар социалдык кызмат көрсөтүү боюнча кыйла натыйжалуу ишке дем берип, муниципалдык жана мамлекетик түзүмдөргө реалдуу аттандаштыкты түзөт.

Өкмөт жалпыга маалымдоо каражаттарынын көз карандысыз иши, сөз эркиндиги жана маалыматты эркин таркатуу үчүн шарттарды түзөт.Ошол эле учурда атайылап жалган жана туура эмес маалыматты жарыялагандыгы үчүн жоопкерчилик күчөтүлөт. Жарандык коомдун өкүлдөрүн мамлекеттик органдардын ишин контролдоого жана стратегиялык чечимдерди кабыл алууга коомдук талкуунун жана макулдашуунун инструменттери аркылуу тартуу боюнча иштер ырааттуу жүргүзүлөт.

Долбоорду ишке ашыруу жетилген жарандык коомду калыптандырышы керек, ал укуктук мамлекетти жана демократиялуу коомду өнүктүрүүгө алып келет.Өсүп жаткан муун ар бир жарандын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, мамлекеттин мыйзамдарын жана коомдун каада-салттарын сыйлоо духунда тарбияланат.

 

                   V.        Реформанын программасы “БЕЛ БОЛЧУ БИЛИМ. ИЗ КАЛТЫРУУЧУ ИЛИМ”

 

5-КАДАМ. Мыкты мектеп

 

Кыргыз Республикасында окуучулар жетилип өсө турган билим, шык-жөндөмүнө ээ болуучу шарттар түзүлөт. Билим берүүнүн түрлөрүнүн көптүгү жашоо жолун тандоонун көптүгүн камсыз кылат. Өмүр бою билим алуунун концепциясы киргизилет.  Ал Кыргызстандын билим берүүсүн өнүктүрүүнүн негизи болуп калат.

Мектепте билим берүүнү мамлекеттик каржылоонун механизми кайра каралат. Географиялык абалына жана окутуу тилине жараша билим берүүнүн натыйжаларындагы теңсиздик билим берүүнүн мектепке чейинки жана мектеп уюмдарын квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу, жаңы стандарттарды, окутуунун методикасын жана окуу материалын киргизүү жолу менен жоюлат.

Билим берүү системасын башкаруунун сапатын жакшыртуу үчүн маалыматтык система иштей баштайт, башкаруу деңгээлдеринде маалыматтарды алмашуу автоматташтырылат. Билим берүүнүн стандарттарын кайра карап чыгуу билим берүүнүн мазмунуна туруктуу өнүгүүнүн маселелерин, анын ичинде анын социалдык аспекттин киргизүүгө мүмкүндүк берет. Мамлекеттик, ошондой эле расмий, англис жана башка тилдерди билүү Кыргызстандын жана дүйнөнүн билим берүү ресурстарын кеңири пайдаланууга мүмкүндүк берет.

 

6-КАДАМ. Бел болчу билим

 

Билим берүү системасында кесиптик билим маанилүү орунду ээлейт. АӨК, жеңил өнөр жайы секторунда, ошондой эле өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон башка чектеш секторлордо башкаруу жана иштөө үчүн кадрларды даярдоо жүрөт. Кыргыз Республикасынын жогорку жана атайын окуу жайлары Кыргыз Республикасынын экономикасынын жана эмгек рыногунун муктаждыктарынын негизинде жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого тийиш.

Ишкерлер менен өнөр жай компанияларынын жана кесиптик-техникалык окуу жайларынын тыгыз байланышы түзүлөт. Кесиптик-техникалык билим берүү системасынын бир бөлүгү программисттерди даярдоого багытталат, бул өлкөнүн аймагында ири “IT-академиясын” түзүүгө алып келет.Квалификациялардын улуттук системасы киргизилет. Ал билимди таанууну, институттук механизмдерди, процесстерди, кесиптик көндүмдөрдү ыйгаруунун жана таануунун процесстерин, аны баалоону, сапатын камсыз кылат.

 

7-КАДАМ. Из калтыруучу илим

 

Илим жалпысынан прикладдык багытта болушу керек. Ал мамлекеттин саясатын натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылган, так иштелип чыккан критерийлердин негизинде илимий демилгелерди колдоого мүмкүндүк берет.

Илим жаатындагы реформаны ийгиликтүү өткөрүү үчүн Улуттук илим фонду аркылуу каржылоо боюнча жаңы ыкма менен мамлекеттик тапшырыктын негизинде илимий долбоорлорду ишке киргизүүнү камсыз кылуу зарыл. Илимди каржылоо долбоордук негизде жана мамлекеттик тапшырык боюнча артыкчылыктуу багыттарга ылайык жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясын реформалоону улантуу зарыл, анын ыйгарым укуктарынан административдик таасир берүү функциялары алынат.

Жакынкы жылдары илимий наамдардын жана даражалардын статусун калыбына келтирүүгө, ошондой эле чет өлкөдө берилген окумуштуулук даражаларын таанууга көңүл бурулат.

 

                  VI.        Реформанын программасы “БИЗНЕС МЕНЕН БИРГЕ”

 

8-КАДАМ. Чакан жана орто ишкердикти колдоо

 

Өкмөттүн Программасы экономикалык прагматизм идеясына негизделет, ал өлкөнүн бардык экономикалык агенттеринин ортосундагы өз ара ишенимди жана мамлекет, эл, чакан жана ири ишканалардын ортосундагы тыгыз жана адилет кызматташтыкты, компромиссти билдирет.

Мамлекеттин саясаты чакан жана орто бизнести тез жана натыйжалуу өстүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, мамлекеттин айрым функцияларын жана ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүгө, уруксат берүүчү документтерди берүүнү, лицензиялоо, каттоо жана контролдоо функцияларын электрондук форматка которууга багытталат. Өлкөдө бизнести тейлөө борборлору ачылат, алар мамлекеттик органдардын лицензиялык-уруксат берүүчү документтерин бергенде “фронт офиси” болуп калат жана ишкерлерди коргоо, ишкердик демилгелерди илгерилетүү камсыз кылынат. Мамлекеттин ролу ЧОИлердин иштөөсү жана өзүн-өзү жөнгө салуусу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук базаны түзүүдө, демилгелерди колдоодо, техникалык стандарттар, лабораториялар менен байланышкан зарыл инфраструктураны түзүүдө болот.

Мыйзамдык деңгээлде “Бир өкмөт” принциби кабыл алынат, анда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө башка мамлекеттик органдан алса боло турган кандай гана болбосун документтерди же маалыматты ишкерден суроого бардык мамлекеттик органдарга тыюу салынат. Чакан жана орто бизнестен салык алуу чөйрөсүн кескин реформалоо зарыл.

 

9-КАДАМ. Кыргызстанга инвестиция сал!

 

Инвестициялык бейишти түзүүдө инвестициялык мыйзамдарды реформалоо керек, анда инвесторлор үчүн жеңилдетилген шарттар, менчикти жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда инвестицияларды коргоо бекемделүүгө тийиш. Мындан тышкары, инвестицияларды тартууга талаптарды жеңилдетүү жана жагымдуу шарттарды түзүү үчүн жеке-мамлекеттик өнөктөштүк жана инвестициялар боюнча мыйзамдар кайра каралат.

Инвестициялар боюнча мамлекеттик органга бардык инвестициялык саясатты координациялоо боюнча ыйгарым укуктарды берүү, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду илгерилетүүгө жана өлкөдөгү инвестициялык лотторду түзүүгө зарыл болгон ресурстарды берүү жолу менен ири чет элдик инвесторлор үчүн “Бирдиктүү терезе” механизмин киргизүү зарыл.

Инвестициялык фонддордун жана финансылык институттардын натыйжалуу жана туруктуу иштөөсүнүн системасы түзүлөт. Мамлекеттик активдерди башкаруу жана аларды реабилитациялоого, модернизациялоого жана реконструкциялоого инвестицияларды тартуу боюнча ири улуттук корпорациялар өнүктүрүлөт.

Тышкы күч-аракеттер Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү меке

Яндекс.Метрика