Кайрылмандар

Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо үчүн көчүп келген этностук кыргыздарга кайрылман статусун

берүүнүн тартиби

 Кайрылмандын ырастамасы - кайрылман деп таанылган адамдын инсандыгын ырастаган жана бул адамды жана анын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын аймагында турган жери боюнча калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдарында каттоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жеңилдиктерди алуусу үчүн негиз болуп берген документ.

Өтүнүч берүүчү адам же анын ыйгарым укуктуу өкүлү кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнүчү менен бирге төмөнкү документтерди берет:

- паспорт же аны алмаштыруучу документ;

- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

- жашаган жеринен маалымкат;

- нике тууралуу күбөлүк.

Өтүнүч берген адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгон учурда анын улутун ырастоо үчүн төмөнкү документтердин бири берилет:

- жакын туугандарынын биринин (ата-энесинин, балдарынын, бала асырап алгандардын, ата-энелери бир жана ата-энелеринин бири башка ага-инилеринин жана (же) эже-карындаштарынын, эже-сиңдилеринин, чоң атасынын, чоң энесинин, таята-таянесинин, неберелеринин) туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;

- ата-энесинин никеси тууралуу күбөлүк;

- алыс туугандарынын (аталаш ага-инилеринин жана (же) эже-карындаштарынын, эже-сиңдилеринин) биринин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү.

Чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген документтер, эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса легалдаштырылууга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдерине которулууга тийиш. Жогоруда аталган документтерди которгон котормочу койгон колдун аныктыгы нотариалдык түрдө ырасталышы керек.

Өтүнүчтү кароо жана кайрылман статусун берүү жөнүндө же кайрылман статусун берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим чыгаруу өтүнүч катталган күндөн тартып эки айдын ичинде жүзөгө ашат.

Кыргыз Республикасында убактылуу жашаган этностук кыргыздардын өтүнүчү жана өтүнүч менен чогуу берилген документтери убактылуу жашаган жериндеги аймактык органдардын комиссиялары тарабынан улуттук коопсуздук жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык органдары менен макулдашкан соң каралат.

Кайрылман ырастамасын аймактык органдар жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берет, алмаштырат, эсепке алат, сактайт жана аларды жараксыз деп табат.

Кайрылман ырастамасын алган этностук кыргыздар 10 күндүн ичинде жашаган жериндеги калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органында каттоо эсебине турууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн жана консулдук мекемелеринен кайрылман ырастамасын алган этностук кыргыздар консулдук эсепке турушат, ал эми Кыргыз Республикасына келгенден кийин жашаган жериндеги калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органында каттоо эсебине турууга тийиш.

Мамлекет кайрылмандар үчүн төмөнкү социалдык кепилдиктерди жана жеңилдиктерди белгилейт:

- Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына өтүү үчүн квота бөлүүнү;

- муктаж болгондорго жалпы билим берүүчү орто жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан орун берүүнү;

- мамлекеттик жана расмий тилдерди үйрөнүү үчүн шарттарды түзүүнү;

- ишке орношууда, кесибин жогорулатууда жана жаңы кесипти өздөштүрүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жардам көрсөтүүнү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөп берүүнү;

- Кыргыз Республикасынын жарандарын Медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуунун жыл сайын кабыл алынуучу мамлекеттик кепилдиктеринин программасына ылайык зарыл болгон медициналык жардам алууну;

- Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн каралган мамлекеттик даректүү жардам көрсөтүүнү.

Бажы чек арасы аркылуу этникалык кыргыздардын жана кайрылмандардын өндүрүштүк, ишкердик же башка коммерциялык иш үчүн эмес, жеке пайдалануу үчүн арналган товарлары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнөкөйлөштүрүлгөн, жеңилдетилген тартипте бажы алымдарын төлөбөстөн алып өтүлүшү мүмкүн.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык кайрылмандарга Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганда турак үй куруу жана тейлөө жана жеке көмөкчү чарба жүргүзүү үчүн менчикке өткөрүп берүү менен жер участокторун акысыз мөөнөтүү пайдаланууга берет.

 

Яндекс.Метрика