2017-жыл "Ыйман, адеп жана маданият жылын өткүрүү боюнча
01.01.1970 г.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасына ылайык бардык мамлекеттик органдар "Ыйман адеп жана маданият жылын" өткүрүү боюнча иш-чаралар иштелип чыккан. Мамлекеттик миграция кызматынын иш-чаралар планына ылайык 2017-жылдын 3-мартында "Желек күнүн" жалпы эмгек жамааты менен мамлекеттик символдордун маанилүүлүгүн жана балуулугун белгилеп өтүштү.

Ошондой эле апрель айындагы иш-чаралар планына ылайык 2017-жылдын 6-апрелинде Миграция кызматынын жамааты апрель революциясында курман болгондорду эскеришти.

 «Ыйман, адеп жана маданият» жылына: кыргыз элинин макал-лакаптары, цитаталар, учкул сѳздѳр

 АДЕПТҮҮЛҮК ТУУРАЛУУ 

Адепти акылдуудан үйрөнөсүң. Жусуп Баласагын

 Адептүү бала – адам, адепсиз бала – жаман.

Адепсиз эрден ары бол, адептүүнүн жары бол. Асаналиев Үсөнбек

 Адептүү адам - алдыңдан чыкса жүзүн, сенден алыстаса караанын караганга татыктуу адам. Кыргыз эл макалы

 Адептүү адептүүлүгүнөн аз сүйлөсө, акмак “жаагын жап кылдым” дейт. Кыргыз эл макалы

 Адептүү сылык сүйлөйт,

Амалкөй былык сүйлөйт. Кыргыз эл макалы

 Адептүү – алкыш алат, адепсиз – каргыш алат. Кыргыз эл макалы

 Адептүү аял даңкталат,

Мэнеткеч аял байыйт. Кыргыз эл макалы

 Адептүү бала – абийир, адепсиз бала – жабыр.

Адептүү жигит – азаптан алыс.

Адептүүлүк – адамдын сырткы көркү. Кыргыз эл макалы

 Адептүүлүк белгиси – ызааттап салам бергени,

Жакындыктын белгиси – жайыңды сурап келгени. Кыргыз эл макалы

 Адеп башы – тил.

Адепсиз жол адептүү жерге барбайт.

Адеби жок жигит жүгөнү жок атка окшойт.

Адеби жок аял – кабанаак итке окшош. Кыргыз эл макалы

 Адеби жоктон алыс бол, ар ишке калыс бол.

Адептүүдөн адеп жугат, адепсизден азап жугат. Кыргыз эл макалы

Адептүүлүк – адамдын көркү. Кыргыз эл макалы

 Адеп-ахлактын сулулуугу – ата-тегиңдин атактуулугунан жогору туратКыргыз эл макалы

ЫЙМАНДУУЛУК ТУУРАЛУУ

Кыргызча күлүп, кыргызча кээде ыйлагын,

Адамдын баарын кыргызча барктап сыйлагын.

Билим ал терең, бирок ал ишке жарабайт.

Жок болсо сенде уятың менен ыйманың.

(С. Жусуев)

 Кудайымдын каарынан корком десең

Кур калбагын байлыктан ыйман деген.

(Н. Алымбеков)

 Ырк кетсе достор бириндейт.

Ыйманын жеген дилин жейт.

Кеменгер болсо жол башчы,

Кемтиги элдин билинбейт.

(Н. Алымбеков)

 Ыйман десек, ак болсок дилибизге.

Кудай десек, сак болсок динибизге.

(Н. Алымбеков)                 

 

Ыйман жок жерде акыл – душман. Кыргыз эл макалы

 Ыйман – сөздө эмес, иште,

Наадандык – тышта эмес – ичте. Кыргыз эл макалы

 Ыйман – түбү жок деңиздей терең,

Чеги жок ааламдай кенен. Кыргыз эл макалы

Ыйман, үмүт, сүйүү –

Адамга үзүлбөс канат,

Карманган ушуларды бакыт табат. Кыргыз эл макалы

 Ыймандуудан ырыс качпайт. Кыргыз эл макалы

 Ыймандуулук – жакшылыктын башаты. Кыргыз эл макалы

 Ыйманы бардын, уяты бар. Кыргыз эл макалы

 Ыйманыңа камчы чаппа. Кыргыз эл макалы

 Ыйманы бардын – ырысы бар,

Ырысы бардын – ынтымагы бар,

Ынтымагы бардын – жыйынтыгы бар. Кыргыз эл макалы

 Ыйманы сенден төмөндөн дос күтпө. Кыргыз эл макалы

 Ыйман турар токтуктан, ыйман качар жоктуктан. Кыргыз эл макалы

 Ыймандуунун ыраңы жылуу көрүнөт. Кыргыз эл макалы

 Ыймансыз ымалага келбейт, оюна келгенин бербейт. Кыргыз эл макалы

 Ыймансыздан ыраак бол, ыймандууга ынак бол.Кыргыз эл макалы

  Ыйманы бар боз бала күйүп турган чырактай,

  Ыйманы жок боз бала жакын да болсо ыраактай. Кыргыз эл макалы

 Ыйман бар жерде ырыс барКыргыз эл макалы

 Ыйманы тазага ырыс жугат. Кыргыз эл мака

 

Яндекс.Метрика