Чет өлкөлөрдөгү бош орундар

IV.Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдөгү миграциясы

 

         Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдөгү миграциясында чет өлкөлөрдө ишке орношуу жана киреше алуу максатындагы чыгуулар басымдуулук кылуусун улантууда. Жыл ичинде ишке орношуудагы кыйла ыңгайлуу өлкөлөр катарында Россия жана Казакстан чыкты. Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине кирүүсүнүн алкагында (мындан ары -ЕАЭБ) бир катар преференциялар күчүнө киргендигине байланыштуу, Кыргызстандан ушул өлкөлөргө барган эмгекчи-мигранттардын укуктук абалы жакшырды.

Россия Федерациясына кирүүгө тыюу салынган жарандардын саны 2016-жылдын 1-майына карата 119 миң жаранды түздү. Мындай жарандардын санын кыскартуу иштери улантылып жатат.

2016-жылдын 5 айында Россия Федерациясы Ички иштер министрлигинин миграция маселеси боюнча башкы башкармалыгынын кароосуна Кыргыз Республикасынын 1,935 жаранынын арызы жиберилген.

Россия Федерациясы Ички иштер министрлигинин миграция маселеси боюнча башкы башкармалыгынын кароосуна жиберилген арыздарды кароонун жыйынтыгында 2016-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын 523 жаранына карата оң жооп алынды. Калган арыз берүүчүлөр үчүн чечим чыгаруу Россия Федерациясы Ички иштер министрлигинин миграция маселеси боюнча башкы башкармалыгынын кароо стадиясында жатат.

Ошондой эле 2015-жылы баш тартылган арыздар үчүн дагы оң жооп берилгендигин белгилей кетүү зарыл.

2016-жылдын 5 айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматына Кыргыз Республикасынын 5 миңдей жараны кайрылды.

2016-жылдын 31-майы - 4-июну аралыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Б. Адылов Россия Федерациясына жумушчу сапары менен барып келди (Москва, Екатеринбург, Пермь, Красноярск, Новосибирск шаарларына).

2016-жылдын 31-майында Москва шаарында Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин биринчи орун басары А.В. Горов жана Россия Федерациясы Ички иштер министрлигинин миграция маселеси боюнча башкы башкармалыгынын начальниги О.Е. Кириллова менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз делегациясы тарабынан эмгек мигранттарынын маселеси менен байланышкан негизги көйгөйлөр жана аны чечүүнүн жолдору айтылып өттү.

Кыргыз тарап россиялык кесиптештердин көңүлүн Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынган жарандардын тизмесинен Кыргыз Республикасынын жарандарын чыгаруу, ошондой эле Россия Федерациясынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандарын эсепке коюу жана каттоо маселесине бурду.

Жолугушуунун жыйынтыгында А.В. Горов Кыргыз Республикасынын эмгекчи-мигранттарынын курч көйгөйлөрүн чечүү, атап айтканда, 2015-жылы Санкт-Петербургда жетишилген макулдашуулардын негизинде Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө убактылуу коюлган жарандардын тизмесинен Кыргыз Республикасынын жарандарын чыгаруу иштеринде кызматташа берүүнү улантуу боюнча кызматташууну улантууга даяр экендигин бышыктады.

Ошондой эле сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы, Пермь шаарындагы, Красноярск шаарындагы, Новосибирск шаарындагы өкүлдөрү менен жолугушуу жүргүзүлдү.

Диаспоралардын өкүлдөрү менен жолугушуулардын жүрүшүндө социо маданий иш-чараларды жүргүзүү, билим берүү, илим жана маданият чөйрөсүндөгү контактыларды жөнгө салуу зарылчылыктары белгилен

Яндекс.Метрика